"Хан Манас" үчүн 400 дзюдочу күч сынашат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдо боюнча таймаш. Архив
Дзюдо боюнча таймаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң көп медалга ээ болгон командага колодон куюлган атайын Кубок ыйгарылат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда дзюдо боюнча өтө турган "Хан Манас" Эл аралык мелдешине 400дөн ашуун спортчу келе турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ысык-Көлдө балдар жана кыздардын арасында дзюдо боюнча мелдеш өтөт
Маалыматка ылайык, таймаш 5-6-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Монголия жана Түркиядан келген 400дөн ашуун жаш спортчу катышат.

Турнирдин башкы байгеси — колодон куюлган "Хан Манас" кубогу. Ал эң көп медалга ээ болгон командага ыйгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0