Кыргызстандын футзалчылары тажик командасынын күлүн асманга сапырды

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама командасы машыгууда.
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы машыгууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футзал боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру Тажикстанда 14-16-ноябрь күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы тажикстандык "Сипар" клубу менен жолдоштук беттешүү өткөргөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Футзал боюнча машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футзалчылары мелдеш алдында Худжантта машыгуудан өтөт
Команда Хунджант шаарында машыгып, 14-16-ноябрь күндөрү Тажикстанда өтө турган Азия чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүүдө.

Футзалчылар 8:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Кыргызстандын курама командасы Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистан командалары менен "А" тайпасына кирген. 

Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан эки команда чыгат. Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү 2016-жылы Ташкент шаарында 10-21-февраль күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0