Кыргызстандык команда эми Бишкекте Иордания менен беттешет

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандын курама командасы Канберрада австралиялыктар менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилип калды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эми 2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Иордания менен беттешет.

Кыргызстан – Австралия футбол беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралиянын курама командасы Кыргызстанды өз талаасында утуп алды
Оюн 17-ноябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Кечээ, 12-ноябрь күнү кыргызстандык футболчулар Канберрада австралиялыктар менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилип калган.

Мындан тышкары, команда 2016-жылдын жаз айында Тажикстандын командасы менен алардын талаасында кездешет. Кыргызстандык футболчулардын Дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгү колдон чыгып кетти. Бирок 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына катышууга ат салышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0