The Guardian: Кыргызстандын курама командасы үчүн Австралиянын күчтүү курамы коркунучтуу эмес

© AFP / WILLIAM WESTАвстралиянын курама командасы. Архив
Австралиянын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыгуу үмүтүн жогото элек деп белгилейт басылма.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама тобу Австралияны жеңебиз деген чоң үмүттө, алар үчүн талаа ээлеринин эң күчтүү курамы да коркунучтуу эмес деп жазат Британиянын The Guardian гезити.

2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында өтө турган Кыргызстан менен Австралия командаларынын оюну бейшембиде Канберра шаарында өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 15.00 башталмакчы. Командалар турнирдин бул баскычында Бишкекте жолугушкан. Анда австралиялыктар күчтүүлүк кылып, 1:2 эсеби менен утуп кеткен эле. 

Кыргызстандык күйөрмандар беттеш алдында башкы машыктыруучу Крестинин менен жолугушту
Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелүү, оюнчулары жетишсиз жана меймандын абалында ойной турганына карабай, Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыгуу үмүтүн жогото элек деп жазат басылма.

Guardian белгилегендей, эгер Крестининдин командасы оюн талаасына жеңиш үчүн чыга турган болсо, муну алар жарым коргоочу Мирлан Мурзаев менен борбордук коргоочу Даниэл Тэгосуз жасоого аргасыз болушат. Бирок, кыязы, вингер Антон Землянухиндин жоктугу олуттуу болот. Дал ушул оюнчу Бишкекте болгон беттешүүдө австралиялыктардын бир топ айласын кетирген эле деп жазылат макалада. 

Басылманын журналистинин пикиринде, июндагы жолугушууда контр чабуул Кыргызстандын башкы стратегиясы болгон эле: алар өзүлөрүнүн жалгыз тобун киргизип, Австралияга "таза" жеңип кетүүгө мүмкүндүк беришкен эмес. Эсеп 1:2 болгон.

Крестинин бир жылдан бери Кыргызстандын курама командасын жетектеп, бул команда FIFA рейтингинде 124-орунда турат деп улантат The Guardian басылмасы. 

Машыктыруучу мунун атаандаштарды сестенте турган мүмкүнчүлүктү көрсөтүүчү каармандык деп эсептейт.

Австралияга байланыштуу ал июндагы оюнда кыргызстандыктар өзүн толук ишеничтүү ойногонун белгилеген.

"Биздин команда ошол матчта австралиялыктардан кем эмес экенин чындап көрсөтүшкөн. Гол киргизбегенде да, ошондой болмок", — деген машыктыруучунун сөздөрүн келтирет басылма. 

Крестинин команданын ийгиликке жетишүүсүнө Кыргызстанда төрөлүп, бирок чет өлкөлөрдө өскөн оюнчуларды ишке алуу бир себеп болгонун айткан. 

"Кыргызстанда жергиликтүү футболчулар өтө шыктуу келет, мүмкүнчүлүктөрү чоң, алардын келечеги кең деген ойдомун", — дейт Крестинин. 

Беш оюндан кийин Иордания жалпы 12 упайга ээ. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар турат, бирок алардын дагы бир оюну алдыда. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда, ал эми төртүнчү орунду эки упайга жеткен Тажикстан ээлесе, акыркы орунда жалгыз упайы менен Бангладеш турат.

Австралия жана Кыргызстан курама командаларынын баштапкы курамын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Кыргызстан менен Австралия командаларынын баштапкы курамы
Кыргызстан менен Австралия командаларынын баштапкы курамы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Австралия командаларынын баштапкы курамы

Жаңылыктар түрмөгү
0