Австралия менен Кыргызстандын беттешүүсү бүгүн Канберрада өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Австралия беттешүүшү учурунда. Архив
Кыргызстан жана Австралия беттешүүшү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө башталат. Футбол талаасына кыргызстандык команданын четки чабуулчулары Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухин чыкпайт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Австралия менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешүүсү бүгүн Канберра шаарында өтөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө 25 миң 11 адамды батырган GIO Stadium аренасында болору күтүлүүдө.

Аталган командалар буга чейин Бишкекте жолугушкан. Анда атаандаштар 1:2 эсеби менен жергиликтүү футболчуларды утуп алышкан.

Кыргызстандыктар австралиялыктар менен ак кийимчен ойношот
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин карамагында 18 футболчу бар. Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин жана Даниэл Тэго оюнга катышпай турган болушту. Мурзаевдин документтери Австралияга баруусуна жол бербесе, Землянухин менен Тэго жарааттарынан улам бара албай калышкан.

Кыргызстандык команданы стадиондон 100дөн ашуун күйөрман колдойт.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0