БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Канадалык окумуштуулар спорттун аралаш жекеме-жеке мушташуу түрүн эң кооптуу деп табышты. Бул тууралуу Альберт университети Clinical Journal of Sports Medicine журналына жарыяланган илимий изилдөөнүн жыйынтыктарына таянуу менен билдирди.
Мушкерлер беттеш учурунда жаракатты 49,8 пайызга алса, спорттун аралаш жекеме-жеке мушташуу түрүнө катышкандар 59,4 пайыз жаракат алышкан.
Илимпоздор ошол эле учурда спорттун бул эки түрүн тең айкалыштыргандардын бети башы мелдеш учурунда көп канаарын, кийин аны баары бир дарылоо керектигин аныкташкан. Диагностика учурунда боксчулардын мээси олуттуу чайкалары жана ал көздүн көрбөй калуусуна алып келиши ыктымалдыгын айтышкан.
Дарыгерлер сунуш катары алардын чыгарган жыйынтыктарына көңүл буруп, спорттун аралаш жекеме-жеке түрү менен машыккандар арасындагы жаракат алууну азайтууга чакырышкан.