Ысык-Көлдө балдар жана кыздардын арасында дзюдо боюнча мелдеш өтөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүДзюдо чемпионаты. Архив
Дзюдо чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиликке 1996-2000-жылдары туулган жаш спортчулар катышат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында балдар жана кыздардын арасында дзюдо боюнча мелдеш өтө турганын спорттун аталган түрү боюнча федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчилик 13-16-ноябрь күндөрү "Күрөш Ордо" комплексинде өтөт. Турнирге 1996-2000-жылдары туулган өпүрүмдөр катыша алат. 

Жеңишке жетишкен спортчулар диплом жана медалдар менен сыйлануусу белгиленди. Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш дзюдонун жаштар арасында кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0