Кыргызстандык футболчулар Австралияга жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Австралиянын Бишкекте өткөн алгачкы беттешүүсү атаандаштын пайдасына 1:2 эсеби менен аяктаган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Австралияга жөнөп кеткенин Футбол федерациясы билдирди.

Калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралия — Кыргызстан оюнун Түштүк Кореядан келген калыс тейлейт
12-ноябрь күнү Канберрада 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Австралия командалары беттешет. Июнь айында өткөн биринчи оюн атаандаштын пайдасына 1:2 эсеби менен аяктаган.

Кыргызстандык команда бүгүн эртең менен Дубай аркылуу транзиттик каттам менен учуп кетти. Делегациянын курамында 22 адам бар — 13 футболчу жана машыктыруучу штабдын тогуз өкүлү. 

Дагы алты футболчу командага Австралиядан кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0