Чет элдик клубда ойногон КР футболчулары Бишкекке чакырылды

© пресс-служба ФФКРПолузащитник национальной сборной Кыргызстана по футболу Эдгар Бернхардт. Архивное фото
Полузащитник национальной сборной Кыргызстана по футболу Эдгар Бернхардт. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бир күндө эки жолу машыгуудан өтүп жатат. Австралия менен беттешүү боло турган Канберра шаарына команда 7-ноябрь күнү жөнөп кетет.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттук курама команданын чет жерде ойногон төрт футболчусу машыгуу үчүн Бишкекке келгенин Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча КР курама командасынын оюнчулары 7-ноябрда Австралияга учат
Команда учурда 12-ноябрь күнү Австралия жана 17-ноябрь күнү Иордания менен боло турган мелдешке даярдык көрүп жатат. Кыргызстандык футболчулар Канберра шаарына 7-ноябрь күнү жөнөп кетет.

Үч күндүн ичинде командага түркиялык "Туранспордо" ойногон жарым чабуулчу Илдар Амиров, Литванын "Гранитас" клубундагы коргоочу Тамирлан Козубаев кошулду. Ал эми бүгүн тажикстандык "Худжант" клубунда ойногон дарбазачы Валерий Кашуба менен тайланддык "Prachuap" клубунун жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт келди.

Машыгуулар бир күндө эки жолу өтүүдө. Жалпысынан Кыргызстандын жогорку лигасы жана легионерлер болуп 23 футболист тартылды. Чет жердеги башка оюнчулар тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0