Кыргызстандын мыкты каратисти декабрда аныкталат

CC BY-SA 2.0 / Republic of Korea / Taekwondo_Camp_MND_02Каратэ спортчулары. Архивное фото
Каратэ спортчулары. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 6 жаштан 34 жашка чейинки спортчулар үчүн эшиги ачык болот.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда карате-до боюнча Кыргызстандын Кубогу үчүн ачык мелдеш өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Грек-рим күрөшү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Иранда тобу менен күрөшүп, биринчиликти багындырды
Маалыматка ылайык, сынак 11-13-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Иш-чараны спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекция "Сетокан" улуттук федерациясы менен биргеликте уюштурууда. Мелдеш Эл аралык SKIF федерациясынын шарт-талаптарына ылайык өтөт.

Чемпионатка 6 жаштан 17 жашка чейин жаш каратисттер жана 18 жаштан 34 жашка чейинки спортчулар катышууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0