Футбол боюнча КР өспүрүмдөр командасы биринчи жолу Азия чемпионатында ат салышат

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча (U-16) курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча (U-16) курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы Непал командасы жаш курак боюнча талапты бузгандыгы үчүн оюндан чыгарылган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча (U-16) курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык айлампасына чыкканын Футбол федерациясы билдирди.

Оюн убактында. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык өспүрүмдөр футбол таймашында омандык атаандаштарына алдырып койду
Бир тайпага кирген Иордания, Оман, Непал жана Кыргызстан командаларынын беттеши сентябрь айында Бишкек шаарында өткөн. 

Азиялык конфедерациянын маалыматы боюнча Непалдын командасы жаш курак боюнча бекитилген шарт-талапты бузгандыгы үчүн дисквалификацияланган. 

Мындан улам Кыргызстан экинчи орундан биринчиге көтөрүлүп, финалдык раундга чыкты. Буга команданын Иордания футболчулары менен болгон оюнда жеңишке жетишкени да өбөлгө болду.

2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө 11 тайпа жана өз тобунда экинчи орунга ээ болгон төрт команда чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0