БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 5-7-ноябрь күндөрү Бишкектеги "Ак Кула" ипподромунда ат оюндары боюнча мелдеш өтө турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Чемпионаттын максаты – улуттук ат оюндарын жайылтуу жана жылкы чарбачылыгын өнүктүрүү.
Иш-чарада Кыргызстанда багылып, тапталган эң мыкты аттар көргөзмөгө коюлат. Чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймагынан жана Казакстандан келишет. Күлүктөр тай чабыш, кунан жорго, кунан чабыш, жорго салыш сыяктуу мелдештер аркылуу сыналат.
Ат оюндарынын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт.