Sputnik редакциясы Кыргызстандын Кубогу үчүн футбол оюнун түз алып көрсөтөт

© пресс-служба ФФКРАбдыш-Ата командасы жана улуттук курама команда менен оюуну. Архив
Абдыш-Ата командасы жана улуттук курама команда менен оюуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык оюн Кант шаарынын стадионунда 24-октябрь күнү өтөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Кыргызстандын Кубогу үчүн ат салышкан "Абдыш-Ата" жана "Наше пиво" командаларынын оюнун түз алып көрсөтөт.

Кыргызстандын курама командасы талаага чыгып атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги Кыргызстан — Бангладеш оюнун түз алып көрсөтөт
Беттешүү 24-октябрь күнү саат 14.00дө Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтөт. Оюнду Кыргызстандын футбол лигасы уюштурууда.

Финалга бешинчи ирет чыгып жаткан "Абдыш-Ата" Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасынын катышуучусу. Буга чейин үч ирет Кубоктун ээси болгон. Ал эми анын атаандашы "Наше пиво" командасы Биринчи лиганын өкүлү болуп саналат.

Кубокту көп ирет жеңип алгандардын катарында СКА-ПВО жана "Дордой" командалары турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0