Сариев Кыргызстандын футболчуларына 200 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын курама командасынын куттуктоо учурунда. Архив
Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын курама командасынын куттуктоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Кыргызстандын командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларында мыкты оюн көрсөтөрүнө ишеним артарын айтты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын курама командасынын оюнчуларына 200 миң сом бөлүп берүүгө сөз бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бангладештин командасын жеңип алгандан кийин Сариев футболчулардын кийим алмаштыруучу жайына кирип, аларга жеңиш үчүн ыраазычылыгын билдирип, куттуктады. 

"Силер бүгүн татыктуу оюн көрсөттүңөр. Күйөрмандар оюндан ырахат алышты. Мындан аркы тандоо турларында да ийгилик жаратасыңар деп ишенем", — деди премьер.

Кыргызстан — Бангладеш оюну учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Жеңиштин шаңы
Беш оюндун жыйынтыгы боюнча Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатса, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Кыргызстан менен Австралиянын командалары 21-ноябрда Канберра шаарында беттешет.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0