Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы Катарда экинчи оюндан утулуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы (U-19) оюнчусу. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы (U-19) оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда катары менен эки жолу жеңилди. Биринчи беттешүүдө катарлык атаандаштарынан 7:1 эсебинде утулган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы (U-19) Омандын оюнчуларынан утулуп калганын Футбол федерациясы билдирди.

Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ага-ини Амировдор түркиялык футбол клубу үчүн ойнойт
Беттешүү 2016-жылы Бахрейнде өтө турган Азия Чемпионатынын тандоо турунун алкагында Доха шаарында болду.

Кыргызстандык команда негизинен оюнчуларды четтетүүдөн жеңилип калышты. Омандын футболчулары мындай жагдайдан пайдаланып, 4:1 эсеби менен жеңип чыгышты.

Биринчи оюнда Кыргызстандын курама командасы катарлыктардан 7:1 эсеби менен утулган. Кийинки оюн Ливанда өтөт, бирок башкы чемпионатка катталуу үчүн кыргызстандык команданын мүмкүнчүлүгү калган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0