Кыргызстан — Тажикстан футболдук беттешүүсүнө билеттер сатылып баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтадион кассасында билет сатуу. Архив
Стадион кассасында билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командаларынын беттешүүсүнө сатылган билеттердин наркы 150 сомдон 700гө чейин жетет. Кассада бир адамга бештен ашык билет сатылбайт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2018-жылы боло турган Дүйнө Чемпионатына тандоо турунун алкагында өтө турган Кыргызстан — Тажикстандын беттешүүсү үчүн билеттер сатылып баштайт. 

 Билеттерди жасалма кылып сатуудан сактоо максатында аларга коргоонун үч деңгээли түшүрүлгөн. 

"Сатып алуучулар анын жасалма болуп калбашы үчүн жакшылап карашы керек. КРдин салык кызматы жана Футбол федерациясынын мөөрү коюлбаган билеттер жараксыз деп эсептелет", — деп билдиришти Федерациядан. 

Кыргызстан менен Тажикстандын мелдешине ирандык арбитрлер калыстык кылат
Футболдук беттешүүнүн билеттеринин наркы 150 сомдон 700гө чейин жетет. Ар бири секторго байланыштуу ар башка түскө боёлот жана ар бир секторго кирүүгө өзүнчө шарттар түзүлгөн. 

Федерациядан кассада бир адамга бештен гана билет алууга болорун билдирди. Эгерде кимдир-бирөөлөр билеттерди сатып алып, анын үстүнө акча кошуп кайра сатып жатса, мындай көрүнүштү Футбол федерациясына билдирүү керектигин айтышты.

2018-жылы болуучу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагындагы оюн 8-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8.00дө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0