КР курама командасы биринчи жолу грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча чемпионат убагында. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы машыктыруучу Бегалиев кыргызстандык балбандар 2016-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына дагы эки-үч лицензия алууну көздөп жатышканын билдирди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы эмдиги жылы Иранда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна биринчи ирет катыша турганын машыктыруучу Канат Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, улуттук команда Лас-Вегаста өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен ааламдагы мыкты сегиз команданын катарына кире алды.

"Кыйын деген өлкөлөрдү артка калтыра алдык. Сегизинчи орун бизге абройлуу мелдештерге катышууга мүмкүндүк берет", — деди Бегалиев.

Жөө күлүк Коробицкая Кыргызстанга дагы бир олимпиадалык лицензия алып келди
Башкы машыктыруучу Олимпиада оюндарына чейин дагы үч лицензиялык турнир өтөрүн, ага кыргызстандык команда даярдык көрө баштаганын белгиледи.

Дүйнө чемпионатында Кыргызстан үчүн лицензияны грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев утуп алды. Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргызстан 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн төрт лицензияга ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0