Жаш футболчулар иорданиялык атаандаштарын жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы үч оюндун экөөсүндө утулуп, болгону үч гана упай топтоп тайпада үчүнчү орунду ээледи.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Азия чемпионатына өтүп жаткан (U-16) тандоо турунун алкагында өткөн оюнда иорданиялык атаандаштарын жеңип алды. 

Өткөн жекшембиде кыргызстандык футболчулар атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алган. Ал эми ошол эле күнү өткөн башка беттешүүлөрдө, омандыктар Непалга 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырган. 

Өспүрүмдөр оюнунда Кыргызстан Непалдын командасына 2:4 эсебинде утулду
Өткөн аптада Иордания, Оман, Непал жана Кыргызстан командаларынын ортосунда тандоо туру өткөн. Биринчи турдун жыйынтыгын менен Азиянын чемпионатындагы финалдык таймашка катышууга Омандын командасы чыкмай болду. Алар тогуз оюндан алты упай топтогон. Экинчи орунду непалдыктар ээлешти. Алар да алты упай топтошкон, бирок башкы командадан жеке беттештеги жеңилүүдөн улам артка калтырылган. 

Кыргызстан менен Иордания футболчулары топтогон упайына жараша үчүнчү, төртүнчү орунду ээледи. Мында КРдин курама командасы жеке беттештерде атаандаштарынан артыкчылык кылды. 

Чемпионаттын финалдык оюндары 2016-жылы Индияда өтүп, 11 топтун жеңүүчүлөрү, ошол эле тайпалардны ичинен упайлары боюнча мыкты көрсөткүчкө жеткен төрт команда жана чемпионаттын ээси ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0