Чемпион Замирбек Сыргабаев: уктап, эс алып алгандан кийин, түлөө өткөрөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Сыргабаев уверенно одержал победу над соперником из США.
Замирбек Сыргабаев уверенно одержал победу над соперником из США. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жефф Монсон менен болгон беттештен кийин Замирбек Сыргабаев спорттогу карьерасы менен коштошуп, өзүнүн сүйүктүү машыктыруучулук ишин улантарын айтып берди. Ал Кызыл-Кыядагы депутаттык ишин да калтырбай тургандыгын кошумчалады.

Замир Сыргабаев: Монсон менен болгон беттештен кийин спорттук карьерамды аяктадым
Ишемби күнү Бишкекте Jash Kuch Fighting Championship (JFC) MMA боюнча чемпиондук турнир өткөрдү. Анда океандын ары жагынан келген MMA боюнча чемпион Жефф Монсон кыргызстандык спортчу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты менен мушташты. Оюндун жыйынтыгында Замирбек Сыргабаев чемпион деп табылды. 

Сыргабаев журналисттерге берген маегинде кечээки өткөн турнир, америкалык чемпион менен өзүнүн беттеши, шакирттери туурасында айтып берип, колдоо көрсөткөн күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

— Беттешүүгө даярдык кандай болду, дегеле кечээки күндүн таасирлери менен бөлүшө кетсеңиз? 

Замирбек Сыргабаев Жефф Монсого сокку кылып жатат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчусу океандын ары жагынан учуп келген атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды
— Мен бул беттешүүгө кыргыз элинин намысы үчүн деп абдан берилип, жан аябай даярдандым. Рингге чыгар алдында эмнегедир, өтө толкунданып кеттим. Негизи бул ар бир эле спортчуга мүнөздүү көрүнүш деңизчи, бул жерде чыккан киши эрежелерди карманып да, же аларды сактабай да мушташа да берет. Бүгүн да уктаган жокмун, дегеле, үч күндөн бери уйкум качып кетти. Кыязы, эртеңден тарта кадимки калыбыма келе баштайм. 

— Сиз негизинен кол менен уруп калып жаттыңыз, бүгүн ооруганы сезилип жатабы? 

— Ар бир мушташтан кийин колуң же бутуң жаракат алат. Бул спорттогулар үчүн көнүмүш болуп калган. Бирок операциясыз эле айыгып кетебиз (жылмайды). 

— Жеңиш менен куттуктаган жүрөккө жакын адамыңыз ким болду?

— Беттеш бүткөндөн кийин дароо эле апама чалдым. Апам да мени куттуктады, мен аны куттуктадым (жылмайды). Экөөбүз бири-бирибизди куттукташтык. 

— Мушташтан кийин Монсон менен көрүшө алдыңызбы?

— Жефф Монсон – күчтүү, атактуу жана жакшы спортчу. Ооба. Ага мындан аркы беттешүүлөрүндө, спортто ийгиликтерди жана үй-бүлөсүнө жакшылык кааладым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
1/6
Замирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Сыргабаев проводит болевой удар против Джеффа Монсона.
ММА JFC чемпионаты - Sputnik Кыргызстан
2/6
Замирбек Сыргабаев проводит болевой удар против Джеффа Монсона.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
ММА JFC чемпионаты - Sputnik Кыргызстан
3/6
Замирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
© Sputnik / Табылды КадырбековДжеффа Монсон на полу ринга.
ММА JFC чемпионаты - Sputnik Кыргызстан
4/6
Джеффа Монсон на полу ринга.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Сыргабаев с чемпионским поясом.
ММА JFC чемпионаты - Sputnik Кыргызстан
5/6
Замирбек Сыргабаев с чемпионским поясом.
© Sputnik / Табылды КадырбековПроигравший бой Джефф Монсон покидает ринг.
6/6
Проигравший бой Джефф Монсон покидает ринг.
1/6
Замирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
2/6
Замирбек Сыргабаев проводит болевой удар против Джеффа Монсона.
3/6
Замирбек Сыргабаев наносит удары Джеффу Монсону.
4/6
Джеффа Монсон на полу ринга.
5/6
Замирбек Сыргабаев с чемпионским поясом.
6/6
Проигравший бой Джефф Монсон покидает ринг.

— Айтсаңыз, кимиңер күчтүүрөөк элеңер, сизби же Монсонбу? 

— Мен мушташта үстөмдүк кылып жатканымды сезип турдум. Калыстар өздөрүнүн баасын берди, алар менен талашпайм. 

— Беттештен кийинки күндү кантип өткөрөсүз?

— Алгач, уктап, эс алып алабыз. Өзүбүзгө келгенден кийин түлөө кылып кой соёбуз, анан тер төгүп машыккан кадимки спорт күндөрү башталат. Анын үстүнө, мен Кызыл-Кыя шаардык кеңешине депутатмын. Бүгүн-эртеңдерден ал жакка жөнөйм. Элди тапшырыгы толуп кетсе керек (күлдү). 

— Бул жеңиш сизге эмне берди, мындан ары дүйнөлүк аренага умтуласызбы?

— Чынын айтсам, спорттогу карьерам менен коштошуп жатам. Монсонду жеңүү кырктын кырына келип калган спортчу үчүн чоң жетишкендик. Өзүмдүн машыктыруучулук ишимди улантам. Баса, кечээ балдар татыктуу беттешти, мен аларга ишенгем. Эми аларды өргө, спорттун дагы бийиктигине чыгарганга аракетимди жумшайм.

— Эгерде чеберчиликти көрсөтүп бере турган же кайрымдуулукка арналган мушташтарга чакырса барар белеңиз?

— Чакырса, барабыз. Адатта, андай беттештерге ардактуу конок катары чакырышат. Эгерде, чакыруу болсо, ошол жерге барып, жаңы чыгып келе жаткан балдарга дем берип, жеңишке сүрөйбүз. 

— Кечээ мушташты көрө албай калганына ыза болгондор беттешүү өткөн имараттын амфитеатрына таш ыргытышыптыр, бул боюнча пикириңизди уксак?

— Күйөрман деген күйөрман. Алар беттешүүнү көрүүгө бар күчүн жумшап, аракет кылат. Алардан тынчтыкты сактоону суранып, маанилүү беттешүү аягында болорун айтышты эле, угуп калышты. Алардын мени колдоп турганына ыраазычылыгымды билдирем. 

Замирбек Сыргабаев — самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0