Өспүрүмдөр оюнунда Кыргызстан Непалдын командасына 2:4 эсебинде утулду

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчу оюн талаасынан кетип жатат.
Футболчу оюн талаасынан кетип жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адегенде, Кыргызстандыктар эки гол киргизип, алдыга чыккан. Ал эми экинчи таймда непалдыктар жооп кылып, катары менен төрт топту атаандаштарынын дарбазасына киргизди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Непалдын футболчулары Бишкекте өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын өспүрүмдөрүнүн курама командасынын дарбазасына төрт гол киргизип, оюн 4:2 менен аяктады. 

Азия чемпионатына (U-16) тандоо боюнча турунда Непал, Иордания жана Оман командалары кирген тайпанын оюндары Бишкектеги борбордук стадиондо өтүүдө. Биринчи айлампада Непалдын командасы иорданиялыктардан күчтүүрөөк болуп чыккан. Ал эми Омандын курама командасы кыргызстандыктарды утуп алган. 

Оюн убактында. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык өспүрүмдөр футбол таймашында омандык атаандаштарына алдырып койду
Биринчи таймдан кийин Кыргызстандын өспүрүмдөрү оюнду 2:0 кылып алдыда келе жаткан, ал эми экинчи таймда непалдыктар катары менен төрт гол киргизди. 

Өткөн аптанын жума күнүндө болгон оюнда Иордания командасы омандыктарды 2:0 эсебинде жеңип алган.

Чемпионаттын квалификациялык беттешине өспүрүмдөрдүн 45 командасы катышат. Финалдык оюн 2016-жылы Индияда өтүп, упайлары боюнча мыкты көрсөткүчкө жеткен 11 топ жана төрт команда жеңүүчү болуп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0