Мушкер Урмат Рыскелдиев АКШда кубалык Усмани Абру менен беттешет

© Предоставлено Жаныш ОсмономБоксер Урмат Рыскелдиев. Архив
Боксер Урмат Рыскелдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айында кыргызстандык спортчу америкалык атаандашы Маркус Вилисти жеңип алган.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Кыргызстандык боксчу Урмат Рыскелдиев рейтинг үчүн кезектеги профессионалдык мелдешин АКШдан өткөрө турганын спортчунун менеджери Жаныш Осмон билдирди.

ММА мушкери Жефф Монсон Кыргызстанда. Аэропорттон тартылган видео
Июль айынын башында Рыскелдиев америкалык Маркул Вилис менен беттешип, аны жеңип алган.

Менеджердин айтымында, беттешүү 19-сентябрь күнү Лос-Анжелесте жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7.00дө башталат. Рыскелдиев кубалык Усмани Абру менен 69 килограммдык салмак ченинде алты раундда кездешет.

Кыргызстандык спортчу үч жылдан бери АКШда жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0