БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Улукман Маматов машыгып жатып беттешке чыгар алдында жаракат алды. Бул туурасында АКШдагы чемпионатта жүргөн кыргызстандык делегация өкүлдөрү билдиришти.
Лас-Вегас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан лицензиялык дүйнөлүк чемпионат 7синен 12-сентябрга чейин уланат. Андын сырткары АКШда эркин күрөш жана аялдар арасындагы күрөштүн жеңүүчүлөрү аныкталат. Бул спорттук мелдешке спортчулар дүйнөнүн 71 өлкөсүнөн катышып жатат.
Маматов алгач, грузиялык спортчу Автандил Кентчадзе менен күрөшмөк. Бирок, делегация өкүлдөрүнүн маалыматында, ал акырегин сындырып алган. Маматов чемпионатта 65 килограмм салмактагы атаандаштары менен күрөшмөк.