Франциядагы жарышка Азиядан бир гана кыргызстандык велоспортчу Ваккер катышат

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүПарижде велогонка спортчулары. Архив
Парижде велогонка спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евгений Ваккер Францияда өтө турган веложарышка катышуучу жападан жалгыз азиялык спортчу болуп саналат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Францияда өтө турган "Chrno Champenois" жеке жарышка катыша турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Лас-Вегастагы жеңиш — Арсен Эралиев атаандашын ары-бери көтөрүп чаап, айласын кетирди
Ваккердин машыгуулары Германияда өттү. Ал эми мелдеш Франциянын Реймс шаарында 11-13-сентябрь күндөрү болот.

Олимпиада оюндарына квалификациялык упай ыйгаруучу  Эл аралык велоспорт федерациясынын жарышына 30 спортчу катышат. Алар Франциянын уюштуруу комитетинен жеке чакыруу алышкан.

Жарышта Австралия, АКШ, Италия, Германия, Голландия, Россия жана башка мамлекеттердин спортчулары ат салышат. Азия оюндарынын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер Азия мамлекеттеринен Францияга бара турган жападан жалгыз велоспортчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0