Бишкек үч өлкөнүн футбол боюнча өспүрүмдөр командасын тосуп алат

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы. Архив
Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы Иордания, Оман жана Непалдын спортчулары менен ойнойт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте футбол боюнча Азия чемпионатынын (U-16) квалификациялык беттеши өтөт деп билдиришти Кыргызстандын футбол федерациясынан. 

Кыргызстан менен Иордания командалары тең чыкты
16-20-сентябрь күндөрү Кыргызстандын өспүрүмдөрүнүн футбол боюнча курама командасы өз талаасында Иордания, Оман жана Непалдын спортчулары менен беттешет. Матч Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. 

Чемпионаттын квалификациялык беттешине өспүрүмдөрдүн 45 командасы катышат. Финалдык оюн 2016-жылы Индияда өтүп, упайлары боюнча мыкты көрсөткүчкө жеткен 11 топ жана төрт команда жеңүүчү болуп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0