Дүйнө чемпионаты 2018: төрт турдан кийинки оюндан соң КР өз тобунда үчүнчү орунда

© Sputnik / Табылды КадырбековFIFAнын официалдуу сайтынан көрүнүш.
FIFAнын официалдуу сайтынан көрүнүш. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиядан төрт команда престиждүү кубокко катышуу укугу үчүн ат салышат. Ошондой эле континенталдык оюндарда жеңишке жеткен команда болсо, ал да чемпионатка катышууга укук алат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы төрт турдун жыйынтыгы менен В тайпасында үчүнчү келе жатат.

8-сентябрда Тажикстандын курама командасы өз талаасында Австралиядан 3:0 эсебинде утулду. Ал эми иорданиялыктар Бангладеш менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишти камсыз кылды.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Арсен Эралиев Олимпиада оюндарына катышууга укук алды
3-сентябрда Кыргызстандын курама командасы Иорданияга барып ойногон. Беттеш 0:0 эсебинде тең  аяктаган. Эми тажикстандыктар Бишкекке келип Кыргызстандын курама командасы менен беттешет.

Төрт турдун жыйынтыгы менен Австралиянын курамасы мүмкүн болгон 9 упайды топтоп ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат. Экинчи орунда 7 упай менен Иордания баратса, 4 упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Тажикстан мүмкүн болгон 9 упайдын бирөөнө гана жетип, Бангладеш эч кандай упай алган эмес.

Азия континентинин футбол боюнча 40 улуттук командасы беш командадан сегиз топко бөлүнгөн. Курама командалар "үйүндө" жана "конокто" деген принцип менен өз ара  эки жолудан беттешет.

2018-жылы Россияда өтчү дүйнөлүк чемпионатка эң кыйын деп тандалып келген 32 команда күч сынашат.

Ал эми Азиядан бул дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугу үчүн төрт команда ат салышат. Ошондой эле континенталдык оюндарда жеңишке жеткен команда болсо, ал да чемпионатка катышууга укук алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0