Австралиянын ЖМКлары КРдин футбол боюнча курама командасын олуттуу атаандаш деп атады

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборной Кыргызстана и Австралией. Архивное фото
Футбольный матч между сборной Кыргызстана и Австралией. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астралия менен беттешер алдында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз үйүндө 8- жана 13-октябрда Тажикстан жана Бангладеш командалары менен мелдеш өткөрөт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Австралияны олуттуу атаандаш күтүп жатканын өлкөнүн ABC NEWS маалыматтык каналы айтып чыкты.

Кыргызстан менен Иордания командалары тең чыкты
Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында боло турган матч 12-ноябрда Астралиянын Канберрадагы футбол аянтында өтөт. Буга чейин Кыргызстан Австралиянын командасын өз үйүндө кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде Австралияга оогон.

Телеканалдын берген маалыматына ылайык, Австралиянын Футбол боюнча федерациясынын президенти Дэвид Гэллон аларды олуттуу команда күтүп турганын билдирген.

"Учурда Австралиянын курама командасы Душанбе шаарында шейшемби түнү болуучу мелдешке даярдык көрүүдө", — деп маалымдайт аталган канал.

КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 20 орунга көтөрүлдү
Астралия менен беттешер алдында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз үйүндө 8- жана 13-октябрда Тажикстан жана Бангладеш командалары менен мелдеш өткөрөт. 

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиянын тандоо турнирлери июнда башталган. 

Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирген, анын атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш.

Жаңылыктар түрмөгү
0