Иордания — Кыргызстан беттешин малайзиялык калыс карайт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттештин комиссары болуп ирандык Омид Жамали (Omid Jamali) дайындалды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Иордания менен Кыргызстан беттешин малайзиялык калыс карай турганын Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Игроки сборного Кыргызстана по футболу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Бахрейндин клубун жеңип алды
2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында эки мамлекеттин курама командалары 3-сентябрда Иорданиянын Ирбид шаарында өтөт.

FIFAнын чечими менен беттешти Малайзиядан келген калыстар карайт. Башкы калыс болуп Мохд Бин Якоб (Mohd Bin Yaacob), анын жардамчылары Сиванесан Мунуанди (Sivanesan Munuandy) жана Мохамад Бин Зайнал Абидин (Mohamad Bin Zainal Abidin) дайындалды. Матчтын комиссары ирандык Омид Жамали (Omid Jamali) болот. Ал беттешке жалпысынан көз салат.

2018-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турларында Кыргызстан Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия менен бир топко кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0