Кыргызстандык жаачы Монголияда өткөн мелдеште биринчиликти алды

© Фото / пресс-служба ГАФКиСЖаа атуу оюну. Архив
Жаа атуу оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, эл аралык "Шувуулахуй Наадам" улуттук оюндары 20-25-август күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өттү.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаачы Эдил Садыгалиев Монголияда өткөн Эл аралык улуттук оюндарда жеңүүчү аталганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык "Шувуулахуй Наадам" улуттук оюндары 20-25-август күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өттү. Мелдешке Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Катар, Пакистан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Садыгалиев жаа менен 40 метр алыстыктан атуу боюнча биринчи орунга татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0