Пляж волейболу боюнча Кыргызстандын чемпиону аныкталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол тобу. Архив
Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн пляж боюнча биринчи чемпионатында Бишкек шаарынын командалары үстөмдүгүн көрсөттү. Жалпысынан мелдешке 22 команда катышты.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында пляж волейболу боюнча өткөн Кыргызстандын биринчи чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды деп Волейбол федерациясы билдирди.

Пляж волейболу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пляж волейболу боюнча Кыргызстандын I чемпионаты 7-августта башталат
Эркектер арасында 14 команда ат салышты. Бишкектин "Сольвейг спорт-2" командасы "Салам-Алик" командасын утуп жеңүүчү аталды.

Ал эми аялдар арасындагы мелдеште Бишкектин командалары бардык байгелүү орундарды ээледи. Биринчиликти "Салам-Алик", экинчи орунду "Дордой-Намыс" жана үчүнчү орунду "Дордой-Намыс-4" алды.

Жалпысынан мелдешке 22 команда катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0