Аралбаев: биз атаандаштарды тандабайбыз, биздин милдет жеңишке жетүү

© пресс-служба ФФКРМини-футбол боюнча "Эмгек" клубунун оюнчулары япон футболисттери менен. Архив
Мини-футбол боюнча Эмгек клубунун оюнчулары япон футболисттери менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эмгек" клубу бул турнирге жакшы даярданганын анын башкы машыктыруучусу Аралбаев баса белгиледи.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мини-футбол боюнча "Эмгек" клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев командасынын плей-офф оюндарын чыгышына комментарий берди.

Аралбаев: футзал боюнча Азия чемпионатында бизди кызыктуу оюндар күтөт
Буга чейин КРдин Футбол федерациясынан билдиришкендей, мини-футбол боюнча "Эмгек" клубу Исфахан шаарында (Иран) өтүп жаткан Азия чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөткөн. Алар Өзбекстандын "Локомотивин" 8:3 эсебинде утса, экинчи беттеште япониялыктар менен тең чыккан. Ошентип, команда биринчи жолу плей-офф тунирине чыкты.

Оюндун жүрүшүнө баасын берген Аралбаев "Локомотив" күчтүү команда экенин белгиледи.

"Бул турнирге жакшы даярдандык. Оюндарга жума калганда биз Тегеранда даярдыктарды көрдүк. Бул убакыт аралыгында ирандын премьер-лигасынын командалары менен үч оюн өткөрдүк. Мен жеңишке ишенгем. Мен оюнчуларыма ишенем. Биз туура чечим кабыл алдык жана биз жеңишке татыктуу жетиштик", — деди Аралбаев.

Ал ошондой эле команда атаандашын тандабай турганын жана турнирдин кийинки оюндарында жеңишке жетишерин  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0