Кыргызстандык балбан кыздар Мадридге барат

© POOL / Медиабанкка өтүүМадрид шаары. Архив
Мадрид шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мадриддеги мелдешке катышуу үчүн сегиз балбан кыз машыгууда.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Кыздар арасындагы күрөш боюнча Испаниянын гран-присине катышуу үчүн балбан кыздар машыгып жатканын Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Спорт мелдеши 10-июлдан 12-июлга чейин Испаниянын борбору Мадрид шаарында өтөт. Кыргызстандык балбан кыздардын машыгуулары 24-июндан 8-июлга чейин улантылат.

Күрөшө турган кыздар Айсулуу Тыныбекова, Розалия Тилегенова, Эльза Абдыкадырова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, Нурланбек кызы Бермет, Динура Сулайманова жана Жеңишбек кызы Ажар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында машыгууларын өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0