КР артисттеринин курамасы футбол боюнча дүйнө чемпионатында дагы тең чыкты

© Бакытбек Турдубаев КР артисттеринин футбол боюнча курамасы. Архив
КР артисттеринин футбол боюнча курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы биринчи таймда 4:1 эсеби менен утулуп келе жатып, экинчи таймда үч гол киргизип эсепти теңдей алды.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Кыргызстандын артисттеринин курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын алкагында Түштүк Корея командасын жеңе алган жок.

Буга чейин кыргыз футболчулары Германия, Казакстандын командалары менен ойноп, анда да тең чыккан. Кыргызстан – Корея беттешүүсүнүн жалпы эсеби 5:5 болду.

Дүйнө чемпионатын КРдин артисттеринин курама командасы тең чыгуу менен баштады
Биринчи таймда кыргызстандык команда 4:1 эсеби менен утулуп келе жатып, экинчи таймда үч гол киргизүү менен эсепти теңдей алды.

Үчүнчү ирет оюндун тең эсеби командага турнирдин жарым финалына чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада азыр Германия 5 упайга, Казакстан 4, Кыргызстан 3, Корея 2 упайга ээ болушту.

"Арт-футбол" деп аталган футболдук-музыкалык фестиваль Москва шаарында 5-14-июнь аралыгында "Жакшылыктын желеги астында" деп аталган кайрымдуулук акциясынын алкагында өтүүдө. 

Кыргызстан тайпада Германия, Казакстан жана Түштүк Корея курамалары менен беттешүүдө. Биздин команданы Pro квалификацияга ээ израилдик Альберт Соломонов машыктырып жатат. 

Бирден-бир эл аралык масштабдагы бул акция быйыл бешинчи ирет өтүүдө. Бул мелдешке ФИФАнын колдоосу астында "Футбол боюнча артисттер арасындагы чемпионат" деген расмий ат ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0