КР курамасынын машыктыруучусу: оюнчуларымдын баары даяр

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бангладештин командасы менен беттешүү 11-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө башталат. 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алгачкы оюну кыргызстандыктар үчүн Дакка шаарында болот.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары ат салышууга даяр экенин башкы машыктыруучу Александр Крестинин беттешүү алдында билдирди.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы шейшемби күнү кечинде Дакка шаарына учуп келди.

Крестинин Бириккен Араб Эмирлигинде өткөрүлгөн машыгуулар тууралуу баяндап, алдыдагы оюндан эмне күтөрүн айтып берди.

Башкы машыктыруучунун айтымында, БАЭ команда толук эмес курамда барган. 

"Даярдануу программасын толугу менен ишке ашырдык. Балдар бардык аракети менен машыгышты. Бангладеште бизди жайкы аптап, нымдуулук жана 50 миң жергиликтүү күйөрман тосуп алат. Бирок бул бизге тескерисинче, кайрат-дем берип, жеңишке умтултат. Бул жакка жөн эле катышуу үчүн келбегенибизди далилдейбиз", — дейт Крестинин. 

Машыктыруучу алдыдагы оюн бардык беттешүүлөрдөй эле оюнчулар үчүн мааниси чоң экенин белгилеп өттү.

"Бул оюн тандоо турундагы алгачкы беттешүү болгону менен өзгөчөлөнүп турат. Оюнчулардын бардыгы толугу менен даяр. Ар бирине ишенич чоң", — дейт ал.

Австралия менен боло турган бетешүүдө кыргыз футболчулары сүрөөнгө муктаж
Оюн 11-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө башталат.

16-июнда кыргыз командасы Австралия менен өз жеринде беттешет. 3-сентябрда Иорданияда жергиликтүү команда менен ат салышса, 8-октябрда Кыргызстанда тажик командасы менен ойнойт.

Чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Ага 32 команданын катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0