КР футбол боюнча командасы FIFA рейтингинде 24 орунга төмөн түштү

© Фото / пресс-служба Федерации футбола КРКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдын жыйынтыгы менен Мальдив аралдарынын командасы эң начар деп табылса, Мадагаскардын курамасы мыкты оюнчулар экенин тастыкташты.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFAнын май айындагы рейтинги боюнча 24 орунга төмөндөгөнүн КР футбол федерациясы билдирди. 

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФАнын рейтингинде 153-орунда турат
Март-апрель айындагы рейтингде Кыргызстан 153-орунда турса, май айында 177-орунга түшкөн. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде эки орунга төмөндөп 28-орунду ээлеген.

Айдын жыйынтыгы менен Мальдив аралдарынын командасы 34 орунга төмөндөп эң начар деп табылса, Мадагаскардын курамасы 37 орунга чейин жогорулап, мыкты оюнчулар экенин тастыкташты.

Эң күчтүү командалар:

 Германия

 Бельгия

 Аргентина

 Колумбия

 Бразилия

 Нидерланды

 Португалия

 Уругвай

 Франция

 Испания

Жаңылыктар түрмөгү
0