Ордо боюнча турнир Бишкекте өттү

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүОрдо оюну үчүн чүкөлөр. Архив
Ордо оюну үчүн чүкөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек менен Ош шаарынан келген 100дөн ашык спортчу катышты.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Спорт чебери, бир нече жолку чемпион Кеңешбек уулу Бархаттын жаркын элесине арналган ордо боюнча турнир Бишкекте өткөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Көк бөрү боюнча "Нооруз-2015" республикалык турнирде "Сары-Өзөн" командасы жеңүүчү аталды
Мелдеш 1-июндан 3-июнга чейин №5 мектеп-гимназияда өттү. Мелдешке Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек менен Ош шаарынан келген 100дөн ашык спортчу катышты. Ар бир командада жетиден оюнчу жана бирден машыктыруучу болду.

Аталган турнирди Улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча республикалык борбор менен КРдин Ордо федерациясы өткөргөн.

Биринчи орунду Таластын Бакай-Ата районунан келген команда алса, күмүштү бишкектиктер ээледи. Үчүнчү орунга Талас районунун командасы татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0