Волейбол боюнча КРдин курама командасы биринчи жолу Азия чемпинатына катышат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВолейбол. Архив
Волейбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия чемпионаты 21-29-май күндөрү Дакка шаарында (Бангладеш) өтөт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Волейбол боюнча КРдин курама командасы биринчи жолу Азия чемпинатына катыша турганын өлкөнүн волейбол боюнча федерациясы билдирди.

"Биздин федерация уюштуруучулардан чакыруу алып, катышуу үчүн макулдугун берди. Андан кийин машыктыруучулар 30 оюнчуну карап, улуттун намысын коргой турган топ түзүштү", — дейт федерациянын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышов.

Турнирге даярдык көрүү иштеринин алкагында Кыргызстандын курамасы Казакстанда, Россияда жана Кыргызстанда бир катар жолдоштук матчтарды өткөрдү.

Курамага 12 оюнчу кирди, алар башкы машыктыруучу Андрей Анкудиновдун жетекчилиги алдында даярдыктарды көрөт. Машыктыруучуга Төрөкул Курбаналиев жардам берет.

"Аталган турнир – биздин команданын өзүн көрсөтүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биздин атаандаштарыбыз да күчтүү", — дейт Сарбагышов.

Кыргызстандын курамасында 12 оюнчу, делегациянын башчысы, башкы машыктыруучу жана машыктаруучунун жардамчысы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0