УОК: Андреевадан кийин спорттун төрт түрү боюнча дагы лицензия алууну күтүп жатабыз

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турчу Олимпиадалык оюндарынын символикасы. Архив
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турчу Олимпиадалык оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө күлүк Юлия Андреева Кыргызстандын атынан Олимпиадага үчүнчү жолу катышат. Ал дүйнөдөгү эң кыйын 30 спортчунун катарына кирет.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жөө күлүк Юлия Андреева (Архипова) 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензия алган кыргызстандык спортчулардын алгачкысы экенин Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, 3-майда Прага шаарында болгон квалификациялык мелдеште марафондук  42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 37 мүнөттө чуркап өткөн Андреева тогузунчу орунду ээледи. Бул жыйынтык менен ал кыргызстандык спортчулардын арасынан Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы лицензияны алды.

"Эфиопиялык жөө күлүк Йебргуал Мелесе марафондук аралыкты 2 саат 23 мүнөт 49 секундда чуркап өтүп, биринчи келди. Биздин спортчу андан 12 мүнөт артта калган. Бул көрсөткүч анын даярдыгынын жакшы экенин айгинелеп турат", — деди Аманкулов.

Аманкулов, ошондой эле, Андреева Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан үчүнчү жолу катышып жатканын айтып, ал дүйнөдөгү эң кыйын 30 спортчунун катарына кирерин белгиледи.

Калган олимпиадалык стипендиаттар тандоо турларына кызуу даярданып жатканын УОКтин башчысы кошумчалайт.

"Андреевадан кийин биздин спортчулар спорттун төрт түрү боюнча лицензия алып,  алар Кыргызстандын намысын Бразилияда болчу Олимпиадады коргойт деп ишенебиз", — деди Аманкулов.

Москвада Улуу Жеңишке карата өткөн олимпиадада КРдин курсанттары экинчи болушту
Анын айтымында, боксчу Азат Үсөналиев, Турат Осмонов, сүүдө сүзүүчү Дарья Таланова, Дзюдочу Юрий Краковецкий, грек-рим күрөшчүлөрү Калыбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев жана Надырбек уулу Самат лицензия алууга талапкер болгон негизги спортчулар.

Олимпиадалык стипендиаттар Улуттук олимпиада комитетинен 650 доллар жана мамлекеттен 8 миң сом стипендия алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0