Баткен: кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде кыргызстандыктар күчтүүлүк кылды

© Жылдыз БекбаеваТурнир по кикбоксу в Баткене
Турнир по кикбоксу в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжай районунда кикбоксинг боюнча мелдеш өтүп, ага Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда жеңиштин 70 жылдыгынын урматына кикбоксинг боюнча эл аралык турнир өтүп, жеңүүчүлөр кубогунун көбү кыргызстандык спортчуларда калды. 

Турнир “Ош Азия“ спорт клубу, Кадамжай районунун администрациясы жана ИИМ орун басары Курсан Асанов тарабынан уюштурулуп, ага Тажикстан, Казакстандын спортчулары да катышты. 

“Күчтөр согуш талаасында эмес, рингде гана сыналып, жергебизде тынчтык жана өнүгүү болушун тилейм”, — деди салтанатты ачып жатып министрдин орун басары Асанов. 

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына катышат
Ал Жеңиштин 70 жылдык урматына министр Мелис Турганбаевдин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларына эстелик медалдарды тапшырып, аларга ыраазычылыгын айтып, бекем ден соолук каалады.

Таймаштын жыйынтыгында Казакстан менен Тажикистандан келген спортчулар бирден кубокко ээ болсо, калгандарын кыргызстандык кикбоксчулар алышты. 

Жалпысынан профессионалдык сегиз беттешүү болуп, алардын ичинен эки беттешүүдө Казакстан менен Тажикстандын спортчулары, ал эми калгандарында кыргызстандыктар жеңишти камсыз кылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0