Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына катышат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдо. Чемпионат мира.
Дзюдо. Чемпионат мира. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасына спорттун чебери Бектур Рысмамбетов, Азамат Бектурсунов, Болот Токтогонов жана эл аралык класстагы спорттун чебери Юрий Краковецкийлер киришти.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катыша турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Азия чемпионаты 11-майдан 16-майга чейин Эль Кувейт шаарында (Кувейт) өтөт.

Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасына спорттун чебери Бектур Рысмамбетов, Азамат Бектурсунов, Болот Токтогонов жана эл аралык класстагы спорттун чебери Юрий Краковецкийлер киришти.

Кыргызстандык спортчуларды башкы машыктыруучу АбдразакШаршенов жетектеп барат.

Аталган чемпионатка катышуу үчүн Улуттук командаларды Олимпиадага даярдоо борборунун бюджетинен 466 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0