Кыргызстандык спортчу Жеңиш күнүнө карата Токмоктон Москвага чейин велосипед тээп барат

© Фото / пресс-служба ГАФКиССпортчу Валерий Овчаренко Улуу Жеңиштин урматына Токмок шаарынан Москва шаарына чейин жалгыз велосипет тээп барат.
Спортчу Валерий Овчаренко Улуу Жеңиштин урматына Токмок шаарынан Москва шаарына чейин жалгыз велосипет тээп барат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валерий Овчаренко Токмок шаарынан 14-апрель күнү чыгып, ал 8-майда Москвага жетип барарын болжолдоп жатат. Аны Москвадагы Панфиловдун эстелигинин алдынан кыргызстандыктар тосуп алат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Спортчу Валерий Овчаренко Улуу Жеңиштин урматына Токмок шаарынан Москва шаарына чейин жалгыз велосипед тээп барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Валерий Овчаренко 14-апрель күнү Токмок шаарынан чыгып, 8-майда Москва шаарындагы Панфилов эстелигинин алдынан жүрүшүн жыйынтыктайт. Аны Россиядан кыргызстандыктар тосуп алат жана согушта курман болгондордун урматына гүлчамбар коюшат.

9-апрелде ал Шераалы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын окуучулары менен жолукту. Жолугушуу учурунда ал Бишкек шаарынын тургуну катары Улуу Жеңиш майрамынын алдында согушта кайтыш болгондордун элесине таазим кылууну каалаганын айткан. Веложүрүш "Согуштун баатырларына даңк" чакырыгы алдында өтөт.

"Бул согушка менин атам менен байкем катышкан. Ата-бабаларыбыз  биздин келечек  үчүн өз жандарын бергенин унутпашыбыз керек", — деди ал.

Валерий Овчаренко Кыргызстан, Казакстан жана Россия аркылуу 3 миң чакырым аралыкты басып өтүш керек.

9-майда Улуу Ата мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл толот. Кыргызстанда учурда согуштун 1113 катышуучусу бар. Ал эми оорукта эмгектенгендердин саны 5480 адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0