Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайдан үч алтын медаль утушту

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайдан үч алтын медаль утушту
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайдан үч алтын медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр үч алтын, бир күмүш жана үч коло медалына ээ болушту.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Дубайда өткөн турнирде кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр үч алтын медаль утуп алганын КРдин Сууда сүзүү боюнча федерациясы билдирди.

Эл аралык турнир 31-марттан 5-апрелге чейин Дубайда өткөн.

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайда эл аралык турнирге катышат
Эркин стиль менен 100 метрге сүзүү түрү боюнча Станислав Карнаухов алтын медаль утуп алды. Денис Петрашов брасс стили 200 метр аралыкка сүзүүдө атаандаштарынан артыкчылык көрсөтүп, биринчи орунду алды. Андан сырткары, ал 50 метрге брасс стили менен сүзүүдө күмүш медалынын да ээси болду.

Баттерфляй түрү боюнча 50 метрге сүзүүдө Владислав Шулико экинчи оорунду ээледи. Ал ошондой эле баттерфляй боюнча 100 метрге сүзүүдө коло медалга татыды. 

Рамазан Тайматов 200 жана 100 метр аралыкка брасс менен сүзүүдө үчүнчү болду. 

Ошентип, турнирдин жыйынтыгы менен кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр үч алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0