ИИМдин демилгеси менен Москвада эрежесиз эр уруш боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык турнир 4-апрелде өтөт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Москва шаарында ММА версиясы боюнча эл аралык "Элдердин достугу кубогу" өтө тургандыгын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

4-апрелде боло турчу турнир Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналат.

Эрежесиз эр уруш
Бул мелдеш КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана Кыргызстандын ММА федерациясы менен биргеликте Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Мелдешти Россиянын белгилүү ринг-анонсер Александр Загорский алып барат. Супер алтын кур үчүн беттеш Алексей Гуреев (Россия) менен Тилек Жээнбековдун (Кыргызстан) ортосунда болот. Ошондой эле, "Айкөл" жана "Айкөл Манас" клубдарынын тарбиялануучулар Урматбек уулу Полотбек менен Муктаров Адилетбек Алтын кур үчүн күч сынашат.

Андан сырткары Россия, Казакстан, Белоруссия, Украина, Армения, Азербайжан жана башка мамлекеттерден тандалып келген мушкерлер күч сынамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0