Беш спорт федерациясы Дене тарбия жана спорт агенттигинен аккредитация алды

Жазылуу
Беш спорт федерациясы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен аккредитация алды. Тандоо учурунда негизги көңүл машыктыруучу курамдын профессионалдуулугуна жана федерациянын инфраструктурасына бөлүнгөн.

БИШКЕК, 1-март — Sputnik. Кыргызстандын спорт федерациялары Дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиктин аккредитациясын алышты.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешовдун төрагалыгында Дене тарбия-спорттук бирикмелерди каттоо боюнча комиссия алты федерациянын бешөөнө аккредитация берди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында Грэпплинг федерациясы, Таяк-тартыш (мас-рестлинг) федерациясы, Бразилиялык жиу-житсу федерациясы, Кудо федерациясы жана Автомотор спорту жана жолдогу коопсуздук федерациялары аккредитация алды.

Вейкбордин жана суу лыжасы федерациясы спорттун аталган түрүн дене тарбиялык билими жана машыктыруучусу жок эле клубдун деңгээлинде жайып келгендиктен аккредитация берилген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0