Кыргызстанда спорттун кышкы түрү боюнча мектеп ачуу пландалууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү"Локомотив" (Ярославль)
Локомотив (Ярославль) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда кышкы спорт оюндары боюнча атайын мектеп ачуу пландалууда.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Кышкы спорт оюндары боюнча Кыргызстанда спорт мектебин ачуу кийинки жылы пландалып жатканын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

18-декабрда шаардык муз аянтында 21-29-декабрь күндөрү Сочи (Россия) шаарында өтө турчу "Хоккей жомогу" эл аралык турнирине жаштардын курама командасын узатуу иш-чарасы болду.

Жолугушууда Эргешов кышкы спорт оюндарын өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

"Кийинки жылы кышкы спорт оюндары боюнча спорт мектебин ачуу пландалып жатат. Ошондой эле хоккей тармагын да өнүктүрүү камтылган", — деди Эргешов.

Ал ошондой эле, мындай мектептин ачылышы балдардын спортко болгон кызыгуусун арттыра турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0