Италия, Мексика жана АКШ 2024-Олимпиада оюндарын өткөрүүгө күрөшүүдө

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрхив: председатель Совета министров Итальянской Республики Маттео Ренц
Архив: председатель Совета министров Итальянской Республики Маттео Ренц - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексика менен АКШ XXXIII Олимпиада оюндарын коңшулаш жайгашкан Сан-Диего жана Тихуана шаарларында өткөрүүгө биргелешип арыз берип жатышат.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Италия 2024-жылдын Олимпиадасын Римде өткөрүүгө арыз берет деп кабарлайт РИА Новости, Италиянын премьер-министри Маттео Ренциге таянуу менен.

Мурда Римдин арызы 2020-Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлердин тизмесине киргизилип, бирок ал экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу кайра алынган болчу. Натыйжада 2020-Олимпиада оюндарынын борбору болуп Токио тандалган. 

"Италия 2024-Олимпиада оюндарын өткөрүүгө өз талапкерлигин коё тургандыгын, Рим долбоордун борбору болуп жана ага Флоренция, Неаполь, Сардиния кошула тургандыгын жарыялайм", — деген Ренцинин сөзүн Франс-Пресс агенттиги келтирет. Премьер-министр бул билдирүүсүн дүйшөмбүдө Италиянын УОКтун штаб-квартирасында жасаган. 

Жайкы Олимпиаданы Италия бир жолу кабыл алган: 1960-жылы Оюндар Римде өткөн.

2024-Жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлердин кеңейтилген тизмеси келерки жылы 15-сентябрда жарыяланат. Бардык арыздарды баалоодон кийин ЭОКтун аткаруу комитети 2016-жылдын апрель-май айларында Оюндарды өткөрүүгө талапкерлердин акыркы тизмесин атайт. Ал эми 2014-Олимпиаданын борбору 2017-жылы жайында тандалат. 

Андан сырткары, Жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө өз талапкерлигин 10 жылдан бери биринчи жолу Мексика менен АКШ койду деп билдирет латын-Америка өлкөсүнүн Олимпиадалык комитетинин башчысы Карлос Падиль. 

Анын айтымында, Эл аралык олимпиадалык комитеттин жакында кабыл алган чечимине ылайык, Оюндарды өз жерлеринде уюштуруп өткөрүүгө дароо эки өлкө талапкерлене алат. Буга байланыштуу Падиль Мексиканын Тихуана шаары менен Американын Сан-Диего шаарынын ортосунда ушундай долбоор бир нече жылдан бери бар экенин эске салды. Аталган долбоор конкурска катышууга кайрадан коюлушу мүмкүн.

Анын маалыматы боюнча, 2015-жылы Мексика менен АКШнын олимпиадалык уюмдарынын өкүлдөрү арызды биргелешип берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жолугушат. 

"Олуттуу даярдык жүрүп жатат, жана бул Оюндарды АКШ менен бөлүшүп алабыз деп турабыз", — деди Мексиканын ОК башчысы.

Тихуана менен Сан-Диего Мексика жана АКШ мамлекеттеринин чек арасынын жанында, Тынч океанынын жээгинде бири-бирине жакын жайгашкан шаарлар.

Февралда Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко шаар 2024-Жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө күрөшүү мүмкүнчүлүгүн айткан эле. Кийинчерээк Россиянын премьер-министри 2024-Оюндарын Санкт-Петербургда өткөрүү жөнүндө ойлонуу али эрте деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0