02:12 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Футбол. Чемпионат мира - 2014. Матч Бразилия - Хорватия

Чемпиондор лигасынын плей-офф оюнунун катышуучулары аныкталды

© Sputnik / Алексей Филиппов
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
1210

Чемпиондор лигасынын топтук этабынын акыркы турунун жыйынтыктары боюнча аталган лиганын плей-офф оюнунун бардык катышуучулары аныкталды.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Чемпиондор лигасынын плей-офф катышуучулары аныкталды, эң акыркы катышуучулар шаршембиде өткөрүлгөн турнирдин топтук этабынын корутунду матчтарынын жыйынтыктары боюнча белгилүү болду, деп билдирет "Р-Спорт".

Биринчи орундарга испандык "Атлетико", "Реал" жана "Барселона", немистик "Бавария" жана "Боруссия" (Дортмунд), француздук "Монако", англиялык "Челси" жана португалиялык "Порту" чыгышты. Экинчи орундарды англиялык "Арсенал" жана "Манчестер Сити", немистик "Шальке" менен "Байер", француздук "Пари Сен-Жермен", италиялык "Ювентус", швейцариялык "Базель" менен украиналык "Шахтер" ээлешти. 

Үчүнчү орунду ээлеген жана Европа Лигасында ойной турган командалардын катарында петербургдук "Зенит", грециялык "Олимпиакос", англиялык "Ливерпуль", бельгиялык "Андерлехт", италиялык "Рома", нидерландиялык "Аякс", португалиялык "Спортинг" жана испаниялык "Атлетик" бар. 

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чүчү кулак кармоо швейцариялык Ньондо 15-декабрда өтмөкчү. Ошол эле жерде Европа лигасынын 1/16 жана 1/8 финалына да чүчү кулак өткөрүлөт. 

Теги: Чемпиондор лигасы, Европа лигасы, 1/8 финал, 1/16 финал

Белгилер:
Европа лигасы, Чемпиондор лигасы

ЭҢ МААНИЛҮҮ