"Алтын топтун" талапкерлери — Криштиану Роналду, Месси жана Нойер

© Sputnik / Александр Нестеров / Медиабанкка өтүүАрхив: Криштиану Роналду
Архив: Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алтын топту" алууга үч талапкердин ичинен жеңүүчү 2015-жылдын 12-январында Цюрихте боло турган салтанатта аныкталат.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу португалиялык Криштиану Роналду, "Барселонанын" форварды аргентиналык Лионель Месси, Мюнхендин "Бавария" тобунун жана Германиянын курама командасынын дарбазачысы Мануэль Нойер 2014-жылдын мыкты футболчусуна тапшырылчу ФИФАнын "Алтын тобун" алууга талапкер болгон үч мыкты оюнчу деп аталды. Бул тууралуу "Р-Спорт" байгенин уюштуруу комитетиндеги жеке маалымат булагына таянуу менен билдирди.

Жеңүүчү 2015-жылдын 12-январында Цюрихте боло турган салтанатта аныкталат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча "Алтын топ" Криштиану Роналдуга ыйгарылган. Ага чейин мыкты футболчунун байгесин төрт жолу катары менен Месси алып келген. Аталган сыйлык 2010-жылы France Footballдун "Алтын тобу" менен "ФИФАнын жыл оюнчусу" кошулгандан кийин негиздеген. 

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Германиянын курама тобу менен 2014-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты жеңип алган Нойерди жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн мыкты оюнчусу деп эсептерин мурдатан "Р-Спорт" агенттигине билдирген эле. Блаттер дүйнөлүк чемпионаттын мыкты оюнчусу сыйлыгын Аргентинанын курама тобунун форварды Мессиге берүү чечими туура эмес болчу деп белгилеген.

Германиянын курама тобу дүйнөлүк чемпионаттын финалында Аргентинанын командасын 1:0 эсеби менен жеңип алган. Аларга жеңиш алып келген жалгыз топ кошумча убакыт учурунда киргизилген болчу. Криштиану Роналду ойноган Португалиянын курама командасы топтон чыга алган эмес. Ошол эле учурда Роналду 2014-жылы "Реалдын" курамында Чемпиондордун лигасын утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0