Кыргызстандык теннисчи эл аралык турнирден чыгып калды

© Фото / sport.kgКсения Палкина
Ксения Палкина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу теннис боюнча эл аралык турнирдин квалификациялык раундунан өтө алган жок.

БИШКЕК, 10-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстандын теннисчиси Ксения Палкина Шарм-эль-Шейх шаарында (Египет) болгон эл аралык турнирден чыгып калды деп билдирет теннис боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайты.

Турнир 3-9-ноябрда өтүп, анда 27 өлкөдөн 70тен ашуун теннисчи катышкан. Мелдештин байге фонду 25 миң долларды түзгөн. 

Палкина квалификациялык жалгыз разряддын экинчи айланышында жеңилип, андан соң жупташкан таймашууда да ийгиликсиз ойноду. 

Италиялык Анастасия Грымальская менен бир жупта чыгып, Палкина дебюттук таймашта россиялык Валентина Ивахненко менен украиналык Анастасия Васильевага жеңилди. Жыйынтыгы 6:4, 5:7 (жалпы 10:5) эсеп менен оюн россия-украин дуэтинин жеңиши менен аяктады.

Теннис боюнча эл аралык федерация 205 теннис уюмдарынын башын бириктирип турат. Федерация дүйнөлүк теннистин башкаруучу түзүмү болуп эсептелет, анын президенти — Франческо Ричи Битти.

Жаңылыктар түрмөгү
0