Кардан улам Бишкектин көчөлөрүнө 479 тонна кум, 53 тонна туз чачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар көчөлөрүнө кум чачуу иштери. Архив
Шаар көчөлөрүнө кум чачуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми таң эрте жалпысынан ишке 498 "тазалыкчы" кар күрөгөнгө чыккан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кечээ жаап баштаган кардан улам Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 479 тонна кум жана 53 тонна туз чачылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта иштеп баштаган.

"Түндө тазалоо иштерине 21 атайын техника, 20 кызматкер жана үч жүктөгүч тартылды. Ал эми таң эрте кар күрөөгө "Тазалыктын" 498 кызматкери чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия ошондой көчөлөрдү тазалап, кум, туз себүү үчүн төмөнкү WhatsApp номери аркылуу кайрыла алышарын эскертет:

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — ‪0557 997 927;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — ‪0554 955 509;
  • Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — ‪0558 336 640;
  • Марат Матмусаев (Свердлов району) — ‪0555 447 154.
Жаңылыктар түрмөгү
0