Бүгүн тоолуу аймактардагы автоунаа жолдорунда кар көчкү атайылап түшүрүлөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары. Архив
Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартууну сунуштайт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бүгүн тоолуу аймактардагы автоунаа жолдорунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөрүн ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан көчкүнү атайылап түшүрүү тапшырмасы берилген.

"24-январдан 30-январга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137, 198-265-чакырымдарында жана Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 65-100 чакырымдарында кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Артиллериялык иш-чаранын аякташына чейин Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү медицина кызматкерлери коштоп жүрөт.

ӨКМ аталган тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0